Исхак Масалиев: "Элибиз менен жөнөкөй тилде сүйлөшө албаган бийликтин кереги барбы?"
Депутат Исхак Масалиев Баткендин Кадамжай районундагы "Шамбесай" алтын кенинде чыккан чыр боюнча маселени көтөрдү. Эл өкүлү милициянын орой мамилеси үчүн бийликти сынга алды.
"Кечээ интернетке Кадамжайдын "Шамбесай" кениндеги окуя боюнча видео тарады. Ошол жерде милиция кызматкерлери кемпирлерди колтуктап, сүдүрөп чыкканы мага жаккан жок. Аксы окуясында да талаада элге так ушинтип мамиле кылганбыз. Көрдүңөр, аягы эмнеге алып барды. Элибиз менен жөнөкөй тилде сүйлөшө албаган бийликтин кереги барбы? Сүйлөшүү жолу менен бүтүргүлө. Кемпирлерди сүдүрөп чыккан болбойт", - деди Масалиев.
23-октябрда Кадамжай районунун Майдан айылындагы “Шамбесай” алтын кенинде милиция менен элдин ортосунда жаңжал чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
0

Уялам ушундай депутаттар башкарып жатканына. И.Масалиев дагы кете бериңиз. Ушунча бийликте отуруп, бир иш жасай албагандан кийин.
Элим чарчады силерди багып. Бизге кызмат кылуунун ордуна, биздин мойнубузга минип алдыңар.
Уялам сидерден чынында.