super.kg logo
  Саясат  

Фотофакт. Иса Өмүркулов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен аймактарда жыйындарды уюштурган активисттер менен жолукту

 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "КСДП Атамбаевсиз" урааны менен аймактарды кыдырып жүргөн активисттер менен жолукту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына активисттердин бири Сагынбек Абдрахманов билдирди.

"Жаңы шайланган координаторлорду Иса Өмүркулов жакшы кабыл алды, ачуу чындыктар айтылды. Иса Өмүркулов "КСДП Атамбаевсиз" ураанын эмне үчүн колдобойт экен, колдоду. Жолугушууда Атамбаевдин кадр саясатындагы кемчиликтери, партияны ээлеп алганы, коррупция, ЖЭБ маселелери сүйлөшүлдү. Жолугушууга экс-депутат Данияр Тербишалиев да катышты", - деди Абдрахманов.

Бул маселе боюнча КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. SUPER.KG порталы анын позициясын угуп, чагылдырууга даяр.

Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып, Талас, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарында жыйындарды өткөргөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: