super.kg logo

Москвада ооруканада оор абалда жаткан Кыргыз жаранынын жеңеси: "Видео аркылуу сүйлөшкөндө бизди тааныбай койду. Документтерин калыбына келтирүүгө аракеттенип жатабыз"

 

Москва шаарындагы №36-шаардык клиникалык ооруканада оор абалда жаткан Кыргыз жаранынын туугандары изделип жаткан эле. Ал башынан алган жаракатынан улам эс-тутуму начарлап кеткени, эгерде жакындары табылбаса кымбат дарыларды саюу токтотула турганы айтылган.

SUPER.KG'ге маалымат чыккандан кийин аты-жөнү белгисиз болуп жаткан бейтаптын туугандары табылды. Анын жеңеси Гүлнара Нурбекова азыркы учурда документ иштери менен жүргөнүн айтты.

Белгилүү болгондой, Орусияда ооруканада жаткан жарандын аты-жөнү - Талас Турубаев. 1983-жылы Талас шаарында туулган. Акыркы 6-7 жыл аралыгында Орусияда иштеп жаткан.

"Биз кечээ порталдан окуп калдык. Аны менен бир жылдан бери байланышка чыга албай жатканбыз. Азыр консулдук, элчиликтен инибизди Кыргыз жерине алып келүү жолдорун, документтерин кайра калыбына келтирүүнү сурап-билип жатабыз. Бүгүн видеочалуу аркылуу сүйлөштүк. Бирок ал бизди тааныбай койду. Аты Талас экенин, уулу бар экенин гана эстеп жатат. Эгер дарыгерлер Кыргыз жерине алып келүүгө уруксат беришсе, алып келебиз", - деди Гүлнара Нурбекова.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
24.10.2018. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудайым ыраазы болсун силерден супер,дагы Бир адамдын сообуна калдынар
24.10.2018. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Женеси молодец
24.10.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялы Кайда экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: