super.kg logo

"Итибизди уурдап кетип, өлтүрүп салган жарандын иши сотко өттү" дейт жабырлануучу

 

31-октябрда Свердлов райондук сотунда Бишкектин тургунунун итин уурдап кетип, өлтүрүп салганга шектелген жарандын иши каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына иттин ээси Гуля Алмамбетова билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлө мүчөсү катары көргөн итинин өлүмүн 9 жаштагы уулу аябай оор кабыл алган.

"Окуя ушул жылдын жай айларында болгон. Белгисиз жаран Спайсик аттуу итибизди унаасына салып качып кетиптир. Көргөн-билгендерден, көчөдөгү күзөтүүчү камералардан милициянын жардамы менен издештирип жатып 3 жума дегенде уурдап кеткен адамды таап алдык. Жогорку окуу жайларынын биринде эмгектенген, билимдүү эле киши экен. Ал итибизди "көзүмө жакшы көрүнгөнү үчүн уурдадым" деди.

Андан Спайсиктин кайда экенин сурасак, башка жакка берип жибергенин айтты. Итибиз табылганына сүйүнүп, жетип барсак Спайсик өлүп калыптыр. Башында шишик пайда болуп, курттап кетиптир.

Балам Спайсиктин өлүмүн абдан оор кабыл алды. Итибизди уурдап, өлтүрүп салган шаарда мени да уурдап кетиши мүмкүн, бул жакта жашабайм деп бир топко чейин өзүнө келе албай, итти уурдаган унаанын түсүндөгү унааларды көрсө коркуп жүрдү. Аны стресстен арылтуу үчүн психологдун кеңешине да муктаж болдук", - деди Гуля Алмамбетова.

Ошондой эле ал "иттин өлүмү" дебей, бул иштин аягына чейин турарын белгиледи.

"Арызыбыздан баш тартуубузду суранып, айыпталуучунун туугандарынан баштап, бир нече мамлекеттик органдардын кызматкерлерине чейин чалышты. Бирок мен бул ишти аягына чейин чыгарам. Балам "биздин коомдо ушундай мыкаачы адамдар жашайт экен" деген ишеничте жашабашы керек. Бул иш боюнча "жаныбарларды уурдоо" жана "жаныбарларга аёосуз мамиле жасоо" беренелери колдонулуусу мүмкүн" деди жабырлануучу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
25.10.2018. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсыл ааламда жашап жатат бул эжеке?!
25.10.2018. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чынында бир жагынан аябай кулкулуу сезилди,ит учун адамдарды соттой берсе,мен дагы азырга чейин соттордо журмок экенмин, мурунку иттерим учун!Койгулачы,жакшысы башка иштерди кыйраткылачы!Адам олтургон,качкан мыйзам бузуучуларды жазалагыла!Албетте итке деле боор ооруйт,бирок иттин ишин сотко откоро турган денгээлге жете элекпиз!Башка ишти кыйрат!
25.10.2018. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айыл кыдырып ит аткандар омур бою турмодо чирийби.
25.10.2018. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Немеда адам олтургондор эркиндикте журот ит олтургондорго жол болсунда.
25.10.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жерде бир гана итин уурдап кетип,өлтүрүп салганы үчүн эмес!Баласынын психологиялык абалы жөнүндө да сөз болуп жатат.Ити өлгөн баланы түшүнүп турам,себеби мындан 3жыл алдың жолдошум экөөбүз балалуу боло албай жүргөндө,жолдошум күчүк алып келген болчу.Бала чакырыт деген ырым менен анан дагы бир себеби ал жумушка кеткенде мага шерик болот деп.Бирок тилекке каршы жолдошум экөөбүз ажырашып кеткенден кийин 1жумага жетпей күчүк да өлүп калган.Көз алдымда.Тамак берсем да жебей койгон.Азырга чейин кү
aijan.borkoshova түзөттү 2018-10-25 09:32:52
25.10.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайнене кайнатасын башка чаап оор абалга жеткирип качып кеткен жигит табылдыбы???
25.10.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meni_kut,ооба
25.10.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзүңө тиешеси жок нерсени (буюмбу,итби,эшекпи) уурдаба деп ата энеси тарбия бербеппи ал кишинин уят да уят, көзүнө жакшы көрүнсөле уурдап кете берсе
25.10.2018. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорудагы эжени тушунуп турам анткени синдим ооруп борборго алып келген элек дарыланып бир ай журуп калды ошондо синдим 14 жашта болчу уйдо мышыгы синдимди сагынып куса болуп эч теке жебей олуп калат синдиме айта албай кыйналганбыз синдим аябай кайгырып ыйлап оор кабыл алган
25.10.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Итпи мышыкпы алардын да жаны бар олтурсо боло берет уурдаса боло берет деп өлтүрө бериш керекпи тили жок бир макулук кудай жараткан бул биринчиден экинчиден баланын психологиясы бузулуп жатат али ак караны ажырата элек адамдардын жакшы жаманын андай элек балага улуу эле байкебиздин мыкаачылыгы мени да эртең ушинтип өлтүрүп коёбу деген коркунучка кептеп жатат тиешелүү жазасын алсын жакшы кылат ит деп таштап койбой баласы үчүн аягына чейин чуркап мыкаачыны кылган иши үчүн жооп бердирсин
25.10.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
биздин да кувукту машинага салып уурдап кеткен, инимдин ыйлаганынан артынан кууп барып кармасак башка машинага салып жибериптир.ызылдап аны териштирип таптык кучукту уурдап алат деп жылмайышты бирок. инимдин ошологу акыбалы азыр да коз алдымда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: