super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кадамжайдагы Бирлик айыл аймагында 30дай мектеп окуучусу башка айылдан келип билим алган 2 окуучуну сабап салышты" дейт окурман

 

Кадамжайдагы Бирлик айыл аймагында мектеп окуучуларынын ортосунда массалык мушташ болуп, 2 окуучу оор жаракат алды. Бул тууралуу 24-октябрда ЭЛДИК КАБАРга байланышкан окурман билдирди.

"Кадамжай районуна караштуу Бирлик айыл өкмөтүнүн №29-Акбала Шамурзаев атындагы мектептин окуучуларынын арасында массалык мушташ чыккан. Анда 9,10,11-класста окуган 30дай окуучу (Сур айылынан) 11-класста окуган (Ормош айылындагы) 2 окуучуну сабап салышкан. Алган жаракаттарынан улам 2 бала өтө оор, эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Окуяга көп жылдан бери келе жаткан эки айылдын пикир келишпестиги себеп болгон", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Кадамжайдагы мектеп окуучуларынын мушташы

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.10.2018. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тообо кадамжайлыктар хит болдунарго!
25.10.2018. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малдар. Башка соз жок
25.10.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шакалдар го булар 30 дай бала биригип экоону урган.
25.10.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талаада урушса деле,мектепке асылышат
25.10.2018. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарбия көрбөгөн акмактар 2-3баланы камап салыш керек ошондо ушундай нерселер токтолот ар дайым ушул көрүнүш .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: