super.kg logo

Армения парламенти өкмөт башчылыкка Никол Пашиняндын талапкерлигин колдогон жок

 

Армения парламенти өкмөт башчылыкка Никол Пашиняндын талапкерлигин колдогон жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-октябрда өткөрүлгөн добуш берүүдө Пашиняндын талапкерлигин бир дагы парламент депутаты колдогон эмес. 1 депутат каршы болсо, 11 депутат калыс добуш берген. Добуш берүүгө "РПА", "Дашнакцутюн" жана "Царукян блогу" фракциялары катышкан эмес.

"Менин талапкерлигим премьер-министрликке тандалуу үчүн эмес, тандалбоо үчүн коюлган. Эмне үчүн дегенде мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттин легитимдүүлүгү боюнча эч кандай карама-каршылыктар болбошу керек", - деген Пашинян.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 16-октябрь күнү кечинде кызматынан кеткенин жарыялаган. Бул кадамга Пашинян жакында парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн өлкөнүн Улуттук жыйынын таратуу зарылдыгынан улам барганын, ошондой эле ал убактылуу өкмөт башчысынын милдетин аткарып турарын билдирген.

Армениянын Улуттук жыйыны премьер-министрдин отставкасынан кийин 15 күндүн ичинде эки ирет өкмөт башчысын шайлай албаса, парламент тарайт. Андан соң кезексиз парламенттик шайлоо дайындалат. Парламент таратылгандан 30 күндөн эрте, 45 күндөн кеч эмес убакытта кайра шайлоо өтүшү керек.

Буга чейин Пашинян парламенттик шайлоо 2018-жылдын 9-10-декабрында боло турганын айткан.

Эскерте кетсек, апрель айында он миңдеген армениялыктар көчөгө чыгып Серж Саргсянды кызматтан кетирген. Нааразычылыкка Саргсяндын убадасынан тайып, президенттик мөөнөтү аяктагандан бир жума өтпөй өкмөт башчылыкка келгени негиз болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.10.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары план менен!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: