Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулайдын атасы: "Мен ички иштер министрине жолугуудан баш тарткан эмесмин"
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйынында Бурулайдын атасы жолугушууга келбей койгондугун билдирген. Бул тууралуу пикирин билүү үчүн Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиевге кайрылганыбызда, ал SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Кашкар Жунушалиевдин айткан кептери туура эмес. Мен баш тарткан эмесмин. Жолугушуу белгиленген күнү жактоочуларымдын бошобой калганына байланыштуу башка күнгө жылдыруусун сурангам. Алар макул болуп, башка күнү чакырарын айтышкан. Ошондон бери кабар жок. Эгерде азыр чакырса деле барып, арыз-муңумду айтууга даярмын", - деди Турдали Кожоналиев.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак: Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.
4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерине чара көрүлүп, анын катарында Чүй ОИИББинин башчысы Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Милиция кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши дагы Жайыл райондук сотунан облустук сотко өткөрүлүп берилген.
кошулду

Мунун артында бир сыр бардайго.Кантип эле ИИСУС ичинде ошондой окуя болмок.
Эмне кылышын билбей,куйуттун азабы менен эмне кылганын деле тушунбой журсо керек.
Сабыр.Бир гана кудайга салып коюшсун Эми.Уже иш жабылып буткон.
Жигити олтургондой эмес.Ачык эле билинип туратго,Туздон-туз ИИМ кызматкерлери эле куноолудой.Ойго сыйбаган иш.Башка бир ишканда болду десе эл ишенмек.Кантип ИИМ ичинде болсун.