super.kg logo

Бишкекте бала сатууга шектелип кармалган гинекологдор тарабынан 4 ымыркай сатылганы аныкталды

 

Ымыркай сатууга шектелген 5 дарыгер соттун чечими менен СИЗО-1ге 2 айга камакка алынган. Учурда алар тарабынан 4 ымыркай сатылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин коллегиялык жыйынында Бишкек ШИИББИинин башчысы Сталбек Рахманов билдирди.

Шаардык милициянын башчысынын айтымында, учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Буга чейин бала сатууга шектелип 5 гинеколог кармалып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси (мыйзамсыз боюнан түшүрүү), 124-берене (адамдарды сатуу) жана 350-берененин (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) негизинде иш козголгон.

Аталган факты боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында дагы башка шектүү медицина кызматкерлери бар. Шектүү дарыгерлер ымыркайларды Орусия жарандыгын алган кыргыздарга сатышканы да белгилүү болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
26.10.2018. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Канча ата энени тируулой баладан ажыратышкан акмактар,жазасын мыйзам чегинде алышсын,башкаларга сабак болсун!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: