super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча кыздар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында Кыргыз курамасы Гуам курамасын ири эсепте утуп алды

 

Кечээ, 24-октябрда Бишкек шаарында футбол боюнча кыздар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугунун тандап алуу этабынын алкагында Кыргыз курама командасы Гуам курамасы менен ойноду.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алган беттеште Кыргыз курама командасы Гуам курамасын ири эсепте утуп алды. Беттештин жүрүшүндө кыргыз футболчулар эсеп санын ачып, 1-таймда 4 гол киргизип, 2 гол өткөрүп жиберди. 2-таймда Кыргыз курама командасы дагы 2 гол киргизип, жалпы 6:2 эсеби менен жеңишке жеткен.

Муну менен Кыргыз курама командасы аталган мелдеште 2-жеңишине жетип, жалпы 6 упайга ээ болду. Кийинки беттешин Кыргыз курамасы 26-октябрда Мальдив аралдарынын футболчуларына каршы өткөрөт.

Айта кетсек, мелдештин жыйынтыгында финалдык этапка тайпанын жеңүүчүсү жана тайпалар арасында мыкты көрсөткүч менен 2-орунду ээлеген командалар чыгат. Финалдык этап 2019-жылы Таиландда өтөт.

Беттештердин жүгүртмөсү:

  • 24-октябрда өтүүчү беттештер:
    • 12:00 Өзбекстан-Мальдив аралдары - 20:0;
    • 16:00 Кыргыз өлкөсү-Гуам - 6:2;
  • 26-октябрда өтүүчү беттештер:
    • 12:00 БАЭ-Өзбекстан;
    • 16:00 Кыргыз өлкөсү-Мальдив аралдары.
  • 28-октябрда өтүүчү беттештер:
    • 12:00 Гуам-БАЭ;
    • 16:00 Өзбекстан-Кыргыз өлкөсү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.10.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун эн жакшы азаматсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: