Депутат Бишкек жана Ош шаарларынын кышка даярдыгын өзүнчө угууну сунуштады
Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай маселелер каралып жатканда "кар оор жааганга чейин отура беребизби" деди депутат Тазабек Икрамов.
Эл өкүлү биринчи карда эле Бишкек-Ош унаа жолунда маселе жаралганын эскертти. "Эксперттер быйылкы кыш оор жана узак болот деп божомолдоп жатышат. Былтыр Бишкек ЖЭБи иштен чыгып, өкмөттүн даярдыгы кандай экенин билдик. Ош жана Бишкек шаарларынын кышка даярдыгын өзүнчө маселе катары угушубуз керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин да маалыматын угалы", - деди ал.
Бүгүн, 25-октябрдагы парламент жыйынында өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгы угулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.