super.kg logo

Ошто өз атасы тарабынан зордукталды делген 8 жашар кызга дайындалган экспертизанын жыйынтыгы чыга элек

 

Ошто өз атасы тарабынан зордукталды делген 8 жаштагы кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан маалымдашты.

"Экспертизанын жыйынтыгы менен кыз зордукталып же зордукталбаганы аныкталат. Азырынча ошонун жыйынтыгын күтүп жатабыз", - деп билдиришти милициядан.

Кылмышка шектелип кармалган жаран учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сурак учурунда ал буга чейин аялын ур-токмокко алып келгенин моюнуна алган. Бирок кызын зордуктабаганын билдирген. Ал аялын сабап келгендиги үчүн "аялым өч алуу максатында бул окуяны ойлоп чыгарды" деп жатат.

Ал эми анын аялы кечээ телеканалдардын бирине күйөөсү кызына карата биринчи ыплас аракеттерди жасагандыгын 2017-жылы эле билгенин айткан. Бирок аны күйөөсү коркутуп бул тууралуу эч кимге айтпа деп талап кылган. Ал гана эмес, үйүнөн жалгыз чыгууга тыюу салып, аны дайыма коштоп келгенин кошумчалаган. Кийин ал эжесинин жардамы менен үйүнөн качып, кризистик борборго жардам сурап кайрылгандыгын айтып берген.

Эске салсак, Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборуна 3 балалуу келин алып келинген. Келиндин 8 жаштагы кызы өз атасынан сексуалдык зордук-зомбулук көрүп жүргөнүн борбордун башчысы Дарика Асилбекова билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
25.10.2018. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катыны состава кылганы анык! Ноокат Бишкек такси кылат эле кыздын атасы кантип уйдон чыгууга тыюуу салсын? Анан аялы кундо базарда отурат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: