super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Кадыржан Батыровдун "Достук" университетин ОИИБинин балансына өткөрүү демилгеси көтөрүлүүдө

 
Бүгүн, 9-июлдагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясында 2010-жылдагы Июнь окуясынын башкы күнөөкөрлөрүнүн бири Кадыржан Батыровдун кыймылсыз мүлктөрүн улутташтыруудан кийин муниципалитеттин балансына өткөрүп берүүнү өкмөткө сунуштоо боюнча маселе каралды. "Шаардын ардактуу атуулдары К.Батыровдун жеке менчик "Достук" университетин облустук ооруканага же ОИИБиге өткөрүп берүү боюнча шаардык кеңешке кайрылуу жасашкан. Анын негизинде аталган имаратты шаардык бийликтин балансына өткөрүү үчүн өкмөткө кайрылуу жасаганы турабыз. Эгерде өкмөт биздин баланска өткөрүп берсе, келген сунуштарды эске алып, адистердин жардамы менен жана комиссиянын текшерүүсү аркылуу кайсы органга берилери аныкталат",- дейт шаардык кеңештин депутаты Нурлан Казакбаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: