Жогорку Кеңеш эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин жактырды
Жогорку Кеңеш Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин жактырды. Мындай чечим бүгүн, 25-октябрда парламенттин жыйынында белгилүү болду.
Каттоодон 111 депутат өттү,105 депутат макул деп добуш берди, 6 депутат добуш берген жок.
"Колдоп бергениңиздерге чоң рахмат, ишенимиңиздерди актоого аракет кылам", - деди талапкер Улукбек Кочкоров.
Буга чейин министрлик кызматты аркалап келген Таалайгүл Исакунова 11-октябрда кызматтан кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
2

Орунунуз кут болсун! Ишинизге ийгилик! Умутубузду актап жакшы иштеп бериниз.