super.kg logo

Тынбай жааган жамгырдан кийин Сочи шаарын суу каптады

 

Тынбай жааган жамгырдан кийин Сочи шаарын суу каптады. Анын кесепетинен Туапсе менен Лазерев районун байланыштырган көпүрө бузулган. Аймакка өзгөчө кырдаал киргизилген.

Сочи шаарында жашаган Кыргыз жараны Гуля Жаналиева аба ырайынын катаалдыгы жана суу каптоодон улам эртең менен көпчүлүк тургундар жумушка бара албай калышканын айтты.

"Бир жумадан бери жамгыр жаап жаткан, бирок түнү бир заматта алай-дүлөй болуп кетти. Эртең менен жашоочулар, жадакалса жумушуна, мектепке, бала бакчага бара алышкан жок. Макопс деген аймакта темир жолго кеме сүрүлүп чыгып, каттамдар бир канча убакытка токтотулуптур, аба ырайы жакын арада өзгөрчүдөй эмес", - дейт Жаналиева.

Орусиялык басылмалар Аше жана Совет-Кваже кичи райондорунда сел жүргөнүн жазышууда. Ошондой эле жол эки күндүн аралыгында оңдолору айтылат. 24-октябрда кечинде Краснодар крайында катуу жамгыр жаап, 2 миңдей турак үйдү суу каптаган. Эки адам каза болуп, дагы бир адам дайынсыз болгону айтылып жатат. Аймакта дагы эки күн бороон болуп, катуу жамгыр жаай турганы кабарланды. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
25.10.2018. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын . Бир убакта ушул шаар орто азиялыктарды киргизбей жаткан эле эми мынтип табияттын каарына калып ошол эле жердештерибизге зар болоор кун алыс эместей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: