super.kg logo

Бурулай Турдали кызынын иши боюнча соттук отурум. Күбө: "Балдар Бурулайдын каршылыгына карабай унаага салышкан"

 

Күбө Гүлбарчын Байгашкаева Бурулай Турдали кызы ала качылган күнү дүкөндө соода кылып отурган. Ал Бурулайды акыркы болуп көргөн.

"Мен дүкөндө отурсам Бурулай башына сүлгү ороп алып кирди да айран сурады. Ал жаңы эле жуунган экен. Биз аркы-беркини сүйлөшүп, ал акчасын төлөп чыгып кетти. Аңгыча болбой эшиктен Бурулайдын катуу кыйкырган үнү чыкты. Чуркап чыксам бир унаага аны балдар салып жатышыптыр. Бурулайдын башындагы сүлгүсү аны унаага салып жаткан баланын бетин жаап калыптыр. Мен балдарды карабай эле апасына чуркадым. Ошол боюнча кызды ала качып кетишти. Кийин Бурулайдын каза болуп калганын уктум", - деди Байгашкаева.

Биринчи күбөгө удаа эле окуя боюнча милицияга чалган жана кызды куткарып калууга аракет жасаган экинчи күбө Михаил Васильев суралды.

"Мен унаага кыздын каршылыгына карабай салып жатышканын көрдүм. Бурулай мени менен классташ болчу. Мен аны куткарууга аракет жасадым. Бирок жалгыз болгондуктан алым келген жок. Алар унааны айдап кетишти", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
25.10.2018. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыз бир макулуктардын колунан ажал тапты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: