super.kg logo

Биринчи вице-премьер Боронов: "Бишкек ЖЭБи жылытуу мезгилине даяр"

 

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Эргешов Бишкек ЖЭБинин жылытуу мезгилине даярдыгы тууралуу сурады.

“Бишкек ЖЭБи жылытуу мезгилине даярбы? Жергиликтүү көмүргө өткөрүү маселеси көтөрүлдү эле, эмне иштер аткарылды, канча пайыз көмүр жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн алынат?” - деди Эргешов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек ЖЭБи жылытууга даяр экенин билдирди.

“ЖЭБ бүгүнкү күндө жылытуу мезгилине даяр. 18-октябрдан тартып жылуулук бериле баштады. Химиялык тазалоочу цех боюнча 1-октябрда жаңы тетиктер коюлуп бүттү. 6 миллион доллар жумшалды, ал каражат 386 миллион доллардын ичинен сарпталды.

Бүгүнкү күндө 60 пайызы - жергиликтүү көмүр. Анын 55 пайызы Кара-Кече көмүрү, 5 пайызы Таш-Көмүрдүн көмүрү. Ал эми көмүрдүн 40 пайызы Казакстандан келген”, - деди Боронов.

Парламентте 2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилине карата өкмөттүн даярдыгы тууралуу маселе каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: