super.kg logo

Жалал-Абадда 2 жарандан жарым килограммдан ашык баңгизаты алынды

 

Жалал-Абад облусунда 2 жарандан жарым килограммдан ашык баңгизаты алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, баңгизат менен кармалган жарандардын бири 22 жашта, экинчиси 26 жашта.

"18-октябрда түнкү саат 11:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы “Бай Эл” базарынын жанынан Сузак районунун Ырыс айылынын 22 жаштагы Х.Х. аттуу тургунун текшерген учурда жанынан гашиш баңгизаты табылган. Ал эми 19-октябрь күнү ыкчам тергөө тобу Сузак районунун Жар-Кыштак айылындагы үйлөрдүн биринде 26 жаштагы жаран кагазга оролгон гашиш баңгизатын милиция кызматкерлерине тапшырган.

Ага карата кароо жүргүзгөн убакта колдонуп жүргөн уюлдук телефонунан баңгизатына байланышкан фотоматериалдар табылган. Кошумча анын үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, үйүнүн ичинен гашиш жана марихуана баңгизатттары табылган, алардын жалпы салмагы 0,5 килограммдан ашат.

Жогорудагы 2 факты боюнча Жалал-Абад ОИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 3-бөлүгү (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.10.2018. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчиктер атак потстава болбосунда Чала Спортик фильм коргон окшойт 26 жаштагысы)))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: