super.kg logo

Кызыл-Кыяда күйөө баласы балта менен чапкан кайнененин башына операция жасалды

 

Кызыл-Кыяда күйөө баласы балта менен чапкан кайнененин башына операция жасалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын директору Жалалидин Рахматулаев билдирди.

Ал эми анын жолдошу сыныктар бөлүмүндө туруктуу оор абалда жатканын кошумчалады.

"Кечээ 62 жаштагы аялдын башына операция жасалды. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор", - деди Рахматулаев.

23-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында Ош облусунун Ноокат районунун 26 жаштагы тургуну кайнатасынын үйүнө кирип, уктап жаткан кайнатасы менен кайненесин колдоруна жана баш сөөгүнө балтанын туюк жагы менен чаап, денелерине оор залал келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен. 24-октябрда Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы мечиттердин биринде жашынып жүргөн жеринен кармалган. Жабырлануучулардын келинини айтымында, күйөө бала аялынын "ажырашам" деп айтканына өчөшүп ушул ишке барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: