super.kg logo

Депутат: "Жылытуу мезгилинде былтыркыдай кризис болсо ким жооп берет, жоопкерчиликти ким моюнуна алат"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов кышында былтыркыдай кризис болсо ким жооп бере турганын сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-октябрда 2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилине карата өкмөттүн даярдыгы тууралуу парламенттин жыйынында айтты.

"Жылытуу мезгилинде былтыркыдай болбосун, бирок былтыркыдай кризис болсо ким жооп берет, жоопкерчиликти ким моюнуна алат? Буга чейин депутаттар да колдогон деп бизге “стрелка” багытталды эле”, - деди Нышанов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бардыгы мыйзам жолу менен болорун белгиледи.

“Мыйзам боюнча жоопкерчилик кимде болсо, ошол жооп берет. Былтыркы жылдагы маселе көбүнчө кредит боюнча чыккан эле. “Стрелканын” багытталганы ал адамдык фактор экен. Ким тийиштүү экенин тиешелүү кызматтар териштирет”, - деди Боронов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: