super.kg logo

"Кошунам үй сатам деп 14 миң долларга алдап кетти" дейт Жалал-Абад шаарынын жашоочусу

 

Жалал-Абад шаарынын жашоочусу "үй сатам" деп бир нече кишини 5 миллион сомго алдап кеткен. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына жабырлануучулардын бири билдирди.

"2015-жылы Гүлжамал Калмаматова аттуу айым үйүн сатам деп калды. Ал айым бизге коңшу турчу. Кыздарыбыз бир мектепте окугандыктан жакшы таанычумун. Ал сата турган үйдү алууну чечип, баа башы катары 14 миң доллар бергем. Калганын үйдү өткөрүп бергенден кийин берем деп макулдашканбыз. Андан бери же үйдү өткөрүп бербей же акчамды кайтарып бербей алдап жүрөт.

Менден башка да бир топ кишиден акча алган экен. Жалпы жолунан алдап алган сумманын көлөмү 5 миллион сомду түздү. Мындан башка да жабыркаган адамдар болушу мүмкүн.

Сатыла турган үй башка бирөөнүн атында экен. Көрсө, бизге бирөөнүн үйүн сатам деп алдап жүрүптүр. Буга карабай Гулжамал эркиндикте жүрөт.

Жазган арызыбыздын негизинде кылмыш иш ачылып, эки жолу соттук отурум болуп өттү. Ишти Жалал-Абад шаардык соту карап жатат. Жыйынтыгы кандай болот, азырынча белгисиз", - деди жабырлануучу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: