Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Жоламан Шаршенбеков атаандашына мүмкүнчүлүк бербей утуп, чейрек финалга чыкты
Бүгүн, 25-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алууда. Анда 55 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Жоламан Шаршенбеков катышууда.
Жоламан Шаршенбеков алгачкы беттешинде, жарым чейрек финалдын алкагында түштүк кореялык Хи Донг Сон менен кез келди. Жоламан Шаршенбеков беттештин жүрүшүндө атаандашына каршы ыкмаларды колдонуп, 1-бөлүк бүтө электе эле эсепти 9:0 кылып, алдын ала жеңишти камсыздады.
Муну менен Шаршенбеков мелдештин чейрек финалына чыгып, эми армениялык Норяр Хахоян менен хорватиялык Тони Браланын ортосундагы беттештин жеңүүчүсү менен кездешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.