super.kg logo

Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурум: Мечиттин имамы адам тарабынан кыйналып өлтүрүлгөн маркумдун денеси жуулбай көмүлөрүн айткан

 

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум 30-31-октябрь күндөрү уланат. Бүгүн 25-октябрда келе турган күбөлөр толук келишкен эмес. Алардан үчөө келген.

Күбөлөрдүн бири Бурулай Турдали кызы ала качылган күнү дүкөндө соода кылып отурган Гүлбарчын Байгашкаева, кызды ала качып кетип баратышканда унааны токтотууга аракет жасап, кийин Турдали Кожоналиев менен бирге ала качкандардын артынан кууган классташы Михаил Васильев суралышты. Үчүнчү күбө катары Бурулай Турдали кызынын жаназасын окууга чакырылган жергиликтүү мечиттин имамы Ислам Мамаев суралды.

Ислам Мамаев маркум Бурулайды өлүкканадан алынып келинери менен сөөгүн жуубастан дароо көмгүлө деген сунушун айткан.

"Мага 2 бала келип жаназа окуп бериңизчи дешти. Барсам, кыз кыйналып, адам тарабынан өлтүрүлгөн экен. Мындай учурда шарият боюнча сөөк жуулбастан көмүлөт. Мен ал жакта аялдардын ыйлап, көздөрү шишип калганын көрүп, денени эртерээк жерге берели дедим. Себеби канчалык эрте көмүлсө ошончолук ый эрте токтойт", - деди.

Соттук отурумдан соң жабырлануучу тараптан Турдали Кожоналиевге жолугуп, имамдын көрсөтмөсү боюнча пикирин уктук.

"Молдо келип кызымды эртерээк көмгүлө, өлүкканадан кепинделип даяр келиптир, ачпагыла деди. Көрсөтмөсүндө кыздын денесин ачып караган эмесмин дейт. Ачпаса анын кепинделгенин кайдан көрөт? Ал сөөктү жуубагыла деди. Биз болбой эле денени жууйлу деп, аялдар ачып карашты. Ошондо гана баягы көкүрөгүнө бычак менен тилип жазылган жазууларды көрдүк. Имам эмнеге анын денесин ачтырбай жатканын түшүнбөйм", - деди ал.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу бул боюнча Муфтияттан илимдүү адамдарга кайрылганда, киши колдуу, кыйналып өлгөн адам деле майрам сууга (денени жуу тартиби) алынат деген жоопту алган.

Ал эми күбө Мамаев "шарият боюнча адам тарабынан кыйналып каза болгон маркум жуулбайт, андай шариятта жок. Бирок кыргыздын салтында мындайга көңүл бурулбастан жуулуп көмүлө берет" деди.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак: Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон.

Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
25.10.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Имамды да жазага тарткыла.
26.10.2018. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
bond02,
Имамды камаш керек
25.10.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бизде чала молдо дин бузарлар коп да
25.10.2018. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бугунку молдолор анык бузукулар. Мындан ары кыргызчылык ырым жырым менен коюш керек. Болбосо молдолор озунчо эле кудай болуп алышты. Окуган жаназасын милдет кылышып. Кыргыздар кыргызчылыка эле отолу.
25.10.2018. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молдонун бир билгени бар,ошон үчүн өзү билип шариятка өзгөртүү киргизип атат да
26.10.2018. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молдого жалдырабай эле кыргызчылык менен эле койсок болбойбу. Тарых барактарыбызды ачып, бабалар жолун улап эле кыргызча акыр сапарга узатып койсок деле болмок. Эл деле каршы чыкмак эмес. Чала молдо эл бузаар болуп буттук. Молдо жаназа окуп койсо эле олгон адам тирилип кетмек беле. Озунчо эле милдет кылышып
26.10.2018. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
J1irg, илгери таш доорунда эл карангы болуп тоо ташка сыйынган, озун кайтып бара бер таш дооруна!
26.10.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
meni_kut,
Азыркы ислам дини деле элди карангылыкы, фанатизмге, орто кылымдын жашоосуна жетелеп баратат го.
26.10.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
J1irg,ислам динине жаман сөз айтпа тууган. Дүйнөдө эң таза жана тынчтыкты каалаган дин биздин дин. Исламды жамынып алып мусулманмын деп динди жаман көргөзүп аткандарга наалат. Сен биздин динди жаман көрбө тууган.
26.10.2018. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
J1irg,Туура айтасын, чала молдо,дин бузаарлар оздорунчо эле жаны нерселерди ойлоп таап,арабдардын салт-санаасын ыйык тутуп аалым болуп алышат.Кыргыз араб болбой эле илгерки урп-адаты менен жашасак жакшы болмок.Оз жанын кыйганга жаназа окулбайт дегенин уккам, бироо себеп болуп узап кетсе жаназа окулбайт дегенди биринчи жолу угушум. Ал молдо жоопкерчиликтен качып эле ошентип жатса керек, кордум десем дагы балээге калбайын, коргон жокмун, билбейм деп кутулайын андан коро деп
26.10.2018. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Молдода милиция тарабынан заказной барганда окшойт анда
26.10.2018. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Морг кепиндеп бербейт, алар оздорунун ишин буткондон кийин суу чачып, кан болгон жерлерин жууп эле ороп коюшат, кепиндоонун озунун жол -жобосу,айтыла турган создору болот да,даарат алып, айта турган создорду айтып, жаш баланы чоргоктогондой кылып оройт го.моргдогулар ар бир соокту ошентип отурушмак беле, алардын иши экспертиза буткондон кийин жакындарына батыраак откоруп бериш да, аны эмне молдоке билбейт бекен? Чала молдого анда.
26.10.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asyl10, чала молдо эмес. Билип билбей суйлой бербегилечи. Киши колду болуп олгон шариятда шахитдеп эсептелинет. Шахитди жубай деле кийимчен комушот. Таза эле динден эксперт болуп кетесинерда эгер молдо бир нерсе кылган болсо озу аллахтын алдында жооп берет. Дин аалымы болуп кетишет сразу эле
26.10.2018. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туугандар Исламга асылып эмне кыласынар? Тооктой мээнер менен??? Ислам карангылык эмес жарык эгер толук тушунуп толук сыйлап экиленбей Исоамга отуп жашасан?!!!
26.10.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
имам эмес эле иван экен
26.10.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорку Кенештин депутаты Каныбек Иманалиев деген мурдагы журналист мырзанын "Кыргызы" деген китебин окуп корсонор кыргыздын нукура тарыхын окуйсунар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: