Биринчи вице-премьер Боронов: "РусГидро" Кыргыз өкмөтүн Гаага сотуна бергени тууралуу расмий билдирүү келе элек"
"РусГидро" Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча Кыргыз өкмөтүн Гаага сотуна бергени тууралуу расмий билдирүү келе элек", - деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-октябрда 2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилине карата өкмөттүн даярдыгы тууралуу парламенттин жыйынында айтты.
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев "РусГидро" Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча Кыргыз өкмөтүн Гаага сотуна бергенин, бул уят экенин айтып чыкты.
"РусГидро" Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча Кыргыз өкмөтүн Гаага сотуна берди. Биз уят болуп жатабыз, мурда мындай болгон эмес, бул маселени алдын алуу үчүн кандай аракеттерди көрдүңөр?” - деп Карашев Бороновдон сурады.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөткө "РусГидро" сотко бергени боюнча расмий билдирүү келе электигин айтты.
"Биз бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", - деди Боронов.
12-октябрда "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын башчысы Азамат Абдыкадыров "РусГидро" компаниясы Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча Кыргыз өкмөтүн Гаага сотуна бергенин билдирген.

