super.kg logo

"Уулум азыр оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, боорун тез арада алмаштыруу керек болууда" дейт 9 жашар баланын энеси

 

9 жаштагы Актан Ташбаев азыр Бишкектеги республикалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор. Ага бир жыл мурун "В классындагы боордун циррозу" деген диагноз коюлган. Анын боорун алмаштырганда гана өмүрүн сактап калууга болот.

Актан 3 бир туугандын кенжеси. Ал 3 айлык кезинде атасы кайтыш болуп калган. Шаарда батирде жашап, үч баласын багып келе жаткан Канайым Кудабаева элдин жардамына муктаж болуп жатат.

"Азыр уулум оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Ага бир жыл мурун "боордун циррозу" деген диагноз коюлду. Бир жарым айдан бери абалы өтө оор. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калабыз, кайра палатага которулабыз. Кандагы гемоглобиндин көрсөткүчү 60ка түшүп, тромбоциттери дагы азайып кетип жатат. Кан куйдуруп жатабыз. Дарыгерлер боорун алмаштырбаса, башка айла жок деп жатышат. Операция жасоо үчүн көп суммадагы акча керек болууда. Түркияда 50 миң доллар, Индияда 40 миң долларга жасалат деп жатышат. Чогулган каражат дарылануусуна кетип калды. Бир жарым айдан бери 70-80 миң сомдой каражат кетти. Уулумдун оорусу боюнча "генетикалык жактан дагы бар" деп жатышат. 3 жашынан бери ооруп келет. Абалы оор. Алсырап жакшы сүйлөй албайт", - дейт көзүнө жаш алган Актандын апасы.

Жардам берүү үчүн байланыш:

Актан Ташбаевдин апасынын телефон номери: 0703484687

KICB банкы: 1280016047393304

ЭЛСОМ 0703484687


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
25.10.2018. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тооба кылдым, акыркы убакта эмне учун боор ооруусу кобойуп кетти.
25.10.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай буюрса жакшы болуп кетесиң, кудай колдосун.
25.10.2018. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы болуп кетсин деп Кудайдан тилейм.


Мекендештер бул эн жаман оору эч качан конул кош болбогула бул ооруга.Стомотологго киргенде созсуз сурагыла дзинфекция болгонбу же азыр менин козумчо тазалагыла деп.ооруган адамдын кусачка тарак бритва ж.б жеке буюмдарын иштетууго болбойт.бул оору копко чейин билинбей журо берет да тез тез корунуп тургула керек болсо кичинекей балдарды кыздарды да тест тапшыртып койгула
Аранарда ооругандар болсо жаман корбогуло
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: