super.kg logo
  Саясат  

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков: "Менин оюмча, Илмияновго козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы бир же эки жуманын ичинде билинет"

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы, мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал 19-октябрда Орусиядан кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган. Илмияновго козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы азыркы күнгө чейин белгисиз. УКМКнын басма сөз кызматы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча эч кандай маалымат берилбей турганын айтышууда. SUPER.KG порталынын "Буга чейин мурунку чиновниктерге каршы козголгон кылмыш иштери коомчулукка кеңири жарыяланып келе жаткан. Илмияновдун ишинин сырдуулугу эмнеде болушу мүмкүн?" деген соболуна УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков жооп берди.

Ал Илмияновдун иши эч кандай сырдуу эмес, коомчулук билип-угуп жатканын белгиледи.

"Илмияновго кайсы беренелердин негизинде кылмыш иши козголгону боюнча маалымат каражаттарында жарыяланды. Купуя сыр деген бар, балким, тергөөчү иштин чоо-жайын ошого байланыштуу айтпай жаткан чыгар. Бул кылмыш иши боюнча маалыматтар бир же эки жуманын ичинде чыгат. Илмиянов жөнөкөй киши эмес, убагында Атамбаевдин оң колу, дайыма анын жанында жүргөн. Эч кимди укпай каалаганын жасаган киши болчу. Кайсы иштин негизинде кармалганы бир күндө ачык жарыяланбайт да. Дагы убакыт керек", - деди Медетбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Жунус уулу, Мирлан Жээнчороев, Руслан Казакбаев, экс-депутаттар Асия Сасыкбаева, Равшан Жээнбеков, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: