super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мирлан Жээнчороев: "Коомдук же саясий ишмерлердин үстүнөн козголгон иштердин баары сырдуу, купуя болбошу керек"

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы, мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал 19-октябрда Орусиядан кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган. Илмияновго козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы азыркы күнгө чейин белгисиз. УКМКнын басма сөз кызматы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча эч кандай маалымат берилбей турганын айтышууда. SUPER.KG порталынын "Буга чейин мурунку чиновниктерге каршы козголгон кылмыш иштери коомчулукка кеңири жарыяланып келе жаткан. Илмияновдун ишинин сырдуулугу эмнеде болушу мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев жооп берди. Ал “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголсо маалыматтар ачыкка чыгарылышы керек экенин айтты.

"Коомдук же саясий ишмерлердин үстүнөн козголгон иштердин баары сырдуу, купуя болбошу керек. Андай иштердин баары коомчулукка белгилүү болушу зарыл. Тергөө амалдарынын атайын купуялары бар. Алдамчылык, көз боёмочулукта мамлекеттик эмне купуя болушу мүмкүн? Биз үчүн да түшүнүксүз болуп турат. “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон болсо, арыздануучу жана анын канча жапа чеккендиги боюнча маалыматтар берилиши керек эле. Купуя деп туруп иш-аракеттер жүрбөй калып жатат", - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Жунус уулу, Руслан Казакбаев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басарыАртур Медетбеков, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: