super.kg logo
  Саясат  

Чыңгыз Болотбеков: "Кыргызстан Сноуденге баш паанек бериши керек. Бул Максим Бакиевди кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон АКШга биздин өлкөнүн жообу болмок"

 
"Финанс" коомдук кыймылы кыргыз бийлигинен америкалык атайын кызматтын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденге саясий качкын катары өлкөдөн баш паанек берүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу 9-июлда маалымат жыйын учурунда кыймылдын төрагасы Чыңгыз Болотбеков билдирди. Кыргызстан менен АКШнын ортосунда кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча келишим жоктугун айткан Болотбеков Сноуденге өлкөдөн баш паанек берүү Максим Бакиевди кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон АКШ бийлигине татыктуу жооп болот. "АКШ Максим Бакиевге карата кылмыш ишин козгогондо аны темир тор артына отургузуп коюуга мүмкүчүлүк түзүлгөн болчу. Бирок М.Бакиевден кылмыш жоопкерчилиги алынды. Сноуденге баш паанек берүү менен Кыргызстан АКШга өз жообун билгизген болот",- дейт Болотбеков. Айта кетсек, Эдвард Сноуден АКШнын европалык аткаминерлердин үстүнөн тыңшоо уюштуруп жатканын жарыялап, АКШ бийлиги "мамлекеттик менчикке кол салуу" жана "жашыруун маалыматтарды таратуу" беренеси боюнча ага кылмыш ишин козгогон. Сноуден бир нече апта Гонконгдо жашырынып жүрүп, учурда Орусиянын аймагында баш калкалоодо. Ал эми 2013-жылдын март айында райондук сот Максим Бакиевди 25 жылга эркинен ажыраткан. 2012-жылдын октябрь айында АКШ Максим Бакиевге баалуу кагаздарга байланыштуу "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, жакында "далилдер жетишсиз" дегенге таянып ага тагылган айыптарды жокко чыгарды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: