Сотто Нариман Түлеевдин өтүнүчү менен Кытайдан автобустарды алып келүүгө байланышкан айрым протоколдор кайрадан окулду
Бүгүн, 9-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбор шаардын экс-мэри, депутат Нариман Түлеев боюнча кезектеги соттук отурум жүрүүдө. Анда козголгон кылмыш ишке байланыштуу протоколдор каралып, айыпталуучу Н.Түлеевдин суранычы менен мамлекеттик айыптоочулар 13-томдун 270-273-беттерин кайрадан окушту. Анда аталган томдун 1-бетинде 2008-жылдын 16-июнь күнү ошол кездеги Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөновдун Тышкы иштер министрлиги менен “Эксим банк” боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу каты жазылган. Ал эми 2-бетте ушул эле күнү Каржы министрлигине жөнөтүлгөн катта “Эксим банк” менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнү тууралуу жазылып, Кытайдан автобустарды алып келүү үчүн акча бөлүүнү сураган кат жазылганы белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.