Футбол боюнча кыздар арасындагы Азия чемпиондугунун тандап алуу этабы: Кыргыз курамасы бүгүн Мальдив аралдарынын курамасы менен ойнойт

Бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаарында футбол боюнча кыздар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугунун тандап алуу этабынын 4-туру орун алат. Мелдеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп, анда "С" тайпасында Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан, БАЭ жана Мальдив аралдарынын курама командалары күч сынашат.
Мелдештин 4-туру саат 12:00дө Өзбекстан-БАЭ беттешинен башталып, саат 16:00дө Кыргыз өлкөсү-Мальдив аралдарынын курамасы менен ойнойт.
Кыргыз курама командасы мелдеште 2 беттеш өткөрүп 6 упайга ээ болуп келүүдө. Кыргыз футболчулары 1-турда БАЭ курама командасын 2:1 эсебинде утуп алып, 2-турда эс алган. 3-турда Кыргыз курамасы Гуам курамасы менен беттешип, 6:2 эсебинде утуп алган.
Айта кетсек, мелдештин жыйынтыгында финалдык этапка тайпанын жеңүүчүсү жана тайпалар арасында мыкты көрсөткүч менен 2-орунду ээлеген командалар чыгат. Финалдык этап 2019-жылы Таиландда өтөт.
Беттештердин жүгүртмөсү:
- 26-октябрда өтүүчү беттештер:
- 12:00. БАЭ-Өзбекстан;
- 16:00. Кыргыз өлкөсү-Мальдив аралдары.
- 28-октябрда өтүүчү беттештер:
- 12:00. Гуам-БАЭ;
- 16:00. Өзбекстан-Кыргыз өлкөсү.
