super.kg logo
  Саясат  

"Республика-Ата Журт" фракциясы ЕАЭБдеги соода-сатык алакасындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесин жабык эшик артында карап жатат

 

Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясы ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода-сатык алакасындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесин жабык эшик артында карап жатат.

Өкмөттүн өкүлдөрү жыйынды жабык өткөрүүнү суранышты.

“Бул материалда өкмөттүн кызыкчылыгын коргогон кээ бир жашыруун материалдар бар. Ошондуктан маселени жабык карап берүүңүздөрдү суранабыз”, - деди өкмөт өкүлү.

Депутаттар бул маселе эмне үчүн жабык каралышы керек экендиги боюнча толук маалымат берүүнү талап кылышты.

"Бул жерде айтылган сөздөр маалымат каражаттарына чыкса, коомчулук туура эмес кабыл алышы мүмкүн”, - деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Жыйынтыгында "Республика-Ата Журт" фракциясы маселени жабык эшик артында карамай болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: