super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Айылдын кире беришиндеги жазууну талкалагандар изделип жатат" дейт Токтогул районунун акими

 

Буга чейин "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман "Торкен айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын кире беришине орнотулган жазууну кошуна айылдын эли талкалап кетишти" деген билдирүүсүн жөнөткөн.

Бул тууралуу Торкен айыл өкмөтү караган Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкуловго байланышканыбызда SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Торкен айыл өкмөтүндө жайгашкан Кара-Жыгач айылынын кире беришине айылдын 1989-жылкы мууну өз демилгелери менен Кара-Жыгач айылы деген жазуу орнотушкан. Бирок аталган жазуу белгисиз адамдар тарабынан талкаланган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Торкен жана Кара-Жыгач айылынын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Айыл тургундары өз ара ынтымакта жашашат. Ал эми жазууну талкалап кеткен белгисиз адамдарды издөө жана аларга чара колдонуу милиция кызматына тапшырылган", - дейт аким.

Белгилей кетсек, буга чейин Кара-Жыгач айылынын эли аталган жазууну кошуна жайгашкан Торкен айылынын эли "биздин аймакка орнотулуп калган" деп талкалап кетишти деп жатышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.10.2018. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилер талкалап жок кылганды эле билет,дача салсан айнектерин талкалап ичимдеги заттарынды уурдап кетет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: