super.kg logo

Орусиялык белгилүү актёр Николай Караченцов 73 жаш курагында дүйнө салды

 

Советтик жана орусиялык актёр, Орусиянын Эл артисти Николай Караченцов 73 жаш курагында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Айта кетсек, 2005-жылдын 28-февраль күнү актёр жол кырсыгына кабылат. Анда ал шаардын четиндеги үйүнөн Москвага кайненесинин каза болгонун угуп шашып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен Караченцов баш мээсинен оор жаракат алган. 26 күн комада жатып кайра эсине келген Караченцовдун ден соолугун калыбына келтирүү үчүн дарыгерлер бүт аракеттерин жумшаган. Актёрдун абалы жакшырганы менен, ал өзүнүн чыгармачылыгын уланта алган эмес.

Караченцовду колдоп дайыма жанында жүргөн жубайы Людмила Поргинанын айтымында, дайыма көпчүлүктүн көңүл чордонунда жүрүп, бир күндүн ичинде эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам болуп калуу актёр үчүн эң чоң сокку болгон. 12 жыл мурун болгон каргашалуу окуя кайрадан 2017-жылдын 28-февраль күнү кайталанып, артист экинчи жолу жубайы менен кайрадан жол кырсыгына кабылган. Бирок, бактыга жараша, эч ким оор жаракат алган эмес.

"Юнона жана Авось" спектаклиндеги графтын ролу Караченцовду дүйнө жүзүнө тааныткан. Дал ушул спектакли менен актёр дүйнөнүн жарымын кыдырып, болуп көрбөгөндөй атактуулукка жеткен. Көпчүлүк көрүүчүлөрдүн эсинде калган, спектаклде аткарылган "Я тебя никогда не забуду" ыры актёрдун визиттик карточкасына айланган.

Киного Николай 1967-жылдан баштап тартыла баштаган. Алгач ал "...Кайрадан май" аталышындагы фильмде роль жараткан. Актёр балдарга арналган "Старший сын", "Белые росы", "Собака на сене", "Трест, который лопнул", "Приключения Электроника", "Человек с улицы Капуцинова" тасмаларында да роль жаратып ошол мезгилдеги кичинекей көрүүчүлөрдүн кумирине айланган.

Актёр эртең, 27-октябрда 74 жашка чыкмак.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.10.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалаң эле 28-февраль күнү кырсыктай бергенин. Өзүнүн туулган күнү 27-октябрь экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: