super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш депутат Аскарбек Шадиевди мандатынан ажыратуу боюнча БШКга кат жөнөтө элек

 

Жогорку Кеңеш депутат Аскарбек Шадиевди мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кат жөнөтө элек. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда SUPER.KG порталына БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов кабарлады.

Анын айтымында, депутатты мандатынан ажыратуу үчүн Жогорку Кеңеш депутаттын жумушка келбегени боюнча корутунду чыгарып, БШКга кат жибериши керек. "Парламенттен кат келгенден кийин аталган комиссия депутатты мандатынан ажыратуу маселесин карайт", - деди Бекматов.

28-апрелде Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон. 1-июнда Аскарбек Шадиев өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин 28-апрелде Хожент-Москва аба каттамы аркылуу Москва шаарындагы Домодедово аба майданына учуп барып, андан ары Кыргыз өлкөсүнүн дипломаттык паспорту менен Нью-Йоркко учуп кеткенин аныктаган. 25-июнда УКМК тарабынан Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: