super.kg logo
  Саясат  

Талас шаардык кеңештин депутаттары мэрдин ишин канааттандырарлык эмес деп тапты

 

Талас шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн, 26-октябрда жыйынга чогулуп, мэр Айдар Жусупбековдун 9 айда аткарган ишин канааттандырарлык эмес деп тапты. Жыйынга мэр өзү катышкан эмес.

Жусупбеков SUPER.KG'ге депутаттардын чечимине каршы экенин билдирип, жыйынга катышпай калышына жүйөлүү себеп болгонун белгиледи.

"Депутаттардын чечимине каршымын. Анткени жалпы 32 депутат болсо, 18и гана жыйынга катышып, анын да экөө каршы болуп жыйындан чыгып кеткен. Дагы бири добуш берүүдөн баш тартып койгон. Бирок жыйын башталганга чейин шаардык кеңештин төрагасына кайрылып, "мэрдин ишин кароодон мурун күн тартибиндеги башка маселени карап тургула" деп айткам. Себеби аянтта улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу иш-чара болуп, анын ачылышына катышмакмын. Ага катышып келсем депутаттар ушундай чечим чыгарып коюшуптур. Болгону 15-20 мүнөт эле убакыт күтүп турушса өзүм катышмакмын", - деди Жусупбеков.

Жусупбеков шаардык кеңештин депутаттары тарабынан аны кетирүү аракети болуп жатканын буга чейин билдирип келген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: