Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Балбан Амантур Исмаилов алгачкы беттешинде жеңилип калды
Бүгүн, 26-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча мелдеш уланууда.
Анда 67 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн килем үстүнө Амантур Исмаилов чыкты. Алгачкы беттешинде Исмаилов грузиялык Шмаги Болквадзе менен беттешип, 2:4 эсебинде жеңилип калды. Грузиялык балбан бул жеңиши менен жарым чейрек финалга чыгып кетти.
Буга чейин кыргыз балбаны Калы Сулайманов 60 килограммга чейинки салмак ченинде жарым чейрек финалга чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.