super.kg logo

Ысык-Көлдө 25 жаштагы жаранды диний көз караштан улам сабады делгендер үй камагына бошотулду

 

Ысык-Көлдө 25 жаштагы жаранды диний көз караштан улам сабады делгендер үй камагына бошотулду. Мындай чечим Ысык-Көл райондук соту тарабынан кабыл алынганын SUPER.KG'ге облустук милициядан кабарлашты.

Маалым болгондой, бүгүн, 26-октябрда райондук сот Тамчы айылында жаранды сабады делген Заманбек жана Ислам аттуу шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, жыйынтыгында үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Облустук милициянын маалыматына караганда, 16-октябрда Ысык-Көл РИИБине Кароол-Дөбө айылынын 25 жаштагы Элдос аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызда таякесинин Тамчы айылындагы үйүн убактылуу карап, жашап жатканда 16-октябрга караган түнү үч жаран аны сыртка чакырып алып сабап салганын көрсөткөн.

Бирок жакындары айрым ЖМКларга алар Элдосту "эмнеге сен өз Кудайың тууралуу музыка угуп жатасың, ислам динин кабыл алып, келме келтир" деп сабап койгонун айтышкан. Бирок милиция уруш диний көз караштан улам чыкканын төгүндөгөн.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча иш козголуп, шектүү катары Заманбек жана Ислам аттуу эки жаран кармалып камакка алынган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.10.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көлдө дин анча деле жетиштүү эмес окшойт да, бир эки жыл мурун бир үйдөн 20 дан ашуун адам Сирияга кеткен эле. Эң кызыгы алардын арасында 80 жаштагы кемпир дагы бар..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: