super.kg logo

Бишкекте үч күнгө созулган Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму жыйынтыкталды

 

Бишкек шаарында 23-октябрда башталган Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму жыйынтыкталды. Форум үч күнгө созулуп, ага 30дай өлкөдөн 300дөн ашык эксперт катышты. Алар климаттын өзгөрүүсү, тоолуу аймактарды өнүктүрүү, ага инвестиция тартуу жана жаңы жаралган маселелер менен сунуштарды талкуулашты.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинен кабарлашкандай, форумдун алкагында жаштардын форуму жана тоо көйгөйлөрү чагылдырылган сүрөт көргөзмө да уюштурулду.

Агенттиктин басма сөз кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиевдин айтымында, эксперттер форумдун жыйынтыгында жыйынтыктоочу документ кабыл алып, кийинки форумду Непал өлкөсүндө өткөрүү чечимине келишти.

"Айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен жыйынтыктоочу документ кабыл алынды. Ал документти биз форумга катышкан өлкөлөргө жиберебиз. Документте тоолорду, мөңгүлөрдү, экологиялык системди, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү сактоо, анын чечүү жолдору камтылган", - деди

Форум 2012-жылы Швейцарияда, 2014-жылы Перуда, 2016-жылы Угандада өткөн. Кийинки форум 2020-жылы Непал өлкөсүндө өтмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: