super.kg logo

Орус тилин билбей окуу жайда тайпалаштарына шылдың болгон жигит Америка менен Кытайда кантип окуп калганын айтып берди

 

"Айылда чоңойдум, мындан улам чоң-чоң ийгиликтерди жаратууга мүмкүнчүлүгүм жок" деген жөн гана шылтоо, чынында бардык адамда мүмкүнчүлүк бирдей. Мындай пикирин 26 жаштагы Асылбек Мадалиев SUPER.KG'ге план коюу жана аны ишке ашыруу тууралуу берген маегинде айтты.

Ал Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Айылдык мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик университетине окууга тапшырган. Бирок окуудагы кыйынчылыктар каарманыбызды такыр башка жолго жетелеген.

Орус тилдүү тайпада көп уят болдум, чогуу окугандар тоготушчу эмес

- Ушул макаланы окуп айрым жаштардын өзүнө болгон ишеними артып, алдыга умтулуусу мурдагыдан да күчөйт деген ойдомун. Анткени кыйынчылык менен бет маңдай туруп күрөшүү ийгиликке жеткирерине ишенип калдым.

Ош шаарындагы жогорку окуу жайда бир топ кыйналдым, айылдагы мектепти бүтүп орус тилдүү тайпага киргендиктен сабактардын баары орус тилинде болчу. Тайпада көбүнчө шаардык балдар окугандыктан, алар менен тил табышуу кыйын эле. Орус тилин жакшы билбегеним үчүн өзүмдү жаман көрчүмүн, тайпалаштарым билген нерсени мен деле билчүмүн, бирок сабакта орус тилинде айтыш керек эле. Кыргызча айтуудан өзүмчө оңтойсуз абалда болуп, чүнчүп, басмырлоого кабылып жүрдүм.

Мектепте окуп жүргөндө лидер болгондуктан, шаарга келип эч ким тоготпогон бир бала болуп калганыма ыза болуп жүрдүм. Биздеги окуу жайлар орус тилине басым жасагандыктан, мен сыяктуу көп жаштар өзүнүн жөндөмүн көрсөтө албай, окууну таштайт же мен жакшы окуй албайт окшоймун, колумдан келбейт экен деп айылга кайтат, мигрант болуп Орусияга кетип окуусуна акча берип, сырттан бүтөт. Ошол учурда мен да ушул ойлор менен жүрдүм.

Бирок капысынан бир жумушка орношуп, ошол жактан өзүмдүн жөндөмдүү экенимди байкадым. Окуудан кийин фотостудияда иштей баштадым, кардарлар менен жакшы тил табышып, досторум да көбөйдү. Жетекчилик да ишимди баалап, дизайнер болдум, айлыгым да жакшы болуп калды. Ошондо ийгилик жаратуу мүмкүн экенине ишене баштадым. Бирок окууда баягыдай эле болуп жатты, эч кандай жетишкендиктер жок. Ошондо кесипти туура эмес тандаганымды билип, чоң-чоң максаттарды түзүүнү чечтим.

Максатка жетүү үчүн пландар тууралуу көп китептерди окудум, анан блокнотко максаттарымды жаздым. Биринчи заманбап смартфон алуу, окуу үчүн келишимдик акчаны төлөө деген пландарды коюп, бат эле аткарып койдум. Кайра жашоо кызыксыз боло баштаганда масштабдуу пландарды жаздым. Анда беш жылдык максатымды жаздым, анын ичинде өнүккөн беш мамлекетке барып билим алып келүү жазылды. Эгер мен бул максаттарымды тайпадагы студенттерге айтсам, менин ошол кездеги абалым менен салыштырып күлүшмөк.

Кытайдан атаандаштыктан жеңип чыгууну үйрөндүм

Пландарым түзүлгөндөн кийин 1-1,5 жылда ишке ашып жатат. 2014-жылы Кытайдын Ланчжоу университети тарабынан уюштурулган кызматташтык программасы аркылуу Ланчжоу шаарына барып окуп калдым.

Ал университетте кытай тилин үйрөндүм. Кытай Эл Республикасы мени бир топ өзгөрттү. Билим эле албастан, сабак алчу жактарын өзүмө сиңирдим. Ал жакта адамдар өтө мээнеткеч, бир күн эле иштебесең ачка каласың. Адамдын көптүгүнөн атандаштык күчтүү. Кайсы бир тармактагы бир орунга бизде 100-200 киши арасында ат салышуу болсо, аларда миллионго жетет. Демек, анын арасынан суурулуп чыгуу өтө көп эмгекти талап кылат. Мен Кытайдан атаандаштыктан жеңип чыгууну үйрөнө алдым.

Орусиядан алган билимим да жашоо үчүн маанилүү

2015-жылы Орусиянын Новосибрск шаарына барып, экономикадагы биржа багыты боюнча курстардан окуудан өттүм. Орусияда бизге караганда көп айырмачылыктарды байкаган жокмун. Бирок керектүү билимди ала алдым.

Америкада ар дайым калпак кийип жүрдүм

- Негизи Кытайда, Орусияда деле калпак кийип жүрчүмүн. Кээде мага келип "сен кыргызсыңбы?" деп сурап калышчу. Ошондо аз да болсо биздин улутту башкаларга таанытып жатам деп кубанып калчумун.

АКШга IVLP деген программа менен барып, Лос-Анжелес, Нью-Йорк, Вашингтон жана башка шаарларда болдум. Ал жакка жаштар уюмдарындагы иштер боюнча тажрыйба алмашуулар болду. Америкада улутуна карабай өз мекенин сүйгөн, ийгилик жаратууга дилгир адамдарды абдан сыйлашат экен. Менин калпак кийим жүргөнүмдү дайыма суктануу менен карашчу. Ал жактан ушул жылдын август айында келдим. Анан калкы абдан сыпайы, мага алардын бул сапаты жакты. Кечирим эле сурай беришет.

Учурда өзүм окуган мектепте мугалиммин

Азыркы убакта Кадамжайдагы өзүм окуган мектепте мугалим болуп иштеп жатам. Балдарга шык берүүдөн чарчабайм. Мындан тышкары ишкердик менен алектенем, тактап айтканда, басмакана ачкам, ал райондун борборунда жайгашкан. Көп жактан алган билимимди пайдаланып жатам. Бирок алдыда дагы көптөгөн ири пландарым бар. Буюрса, мен кыргыз элинин керегине жараган адам болсом деп өзүмдү ошого даярдоодомун. Өлкөнүн келечегине такыр кайдыгер карай албайм. 2019-жылы Европага барууну, ал жактан жаңы нерселерди үйрөнүп келүүнү пландап жатам. Андан соң өз өлкөмө кызмат кылууну баштайм.

Окуучу, студенттер, "колумдан келбейт" деген ойду өзүңөрдөн алыс кылгыла

- Жеңилүү - убактылуу эле нерсе. Окууда жакшы эмес баа алып калуу - сенин колуңдан эч нерсе келбейт дегенди билдирбейт. Башка тармактарда да өзүңдү сынап көрүүдөн коркпо. Максат койгула, аны блокнотко жазгыла. Жаштар, окуучулар, студентер чоң нерселер тууралуу ойлонгула, "сенин колундан келбейт" дегендерге кулак салбагыла. Биз биргеликте Кыргыз өлкөсүнүн келечегин түзөбүз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 22 
Комментарийлер(29)
08.11.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+41
Азаматсың! Сага рахмат кыргыздын келечегине салым кошуп жатканына. Көп адамдар үлгү алчудай сенден. Депутаттарга караганда бир канча өйдө экенсиң. Ойгон КЫРГЫЗ Ойлон КЫРГЫЗ!
08.11.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Азаматсын, кооп деген адамдарга шык, эрк берчу макала экен.

Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-08 18:09:22
08.11.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Азаматсың!Кыргызда сендей жаштар көбөйсүн
08.11.2018. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Бул баланын башынан откондор менин башымдан отуп жатат.Азаматсын биздин кошуна айылдан экен
08.11.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азамат, иним...
08.11.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азамат деген наамга гана татыктуу бала экенсин. Копчулук жаштарыбыз сен сыяктуу ойлонушса жакшы болмок. Бирок да, баары али алдыда. Баары жакшы болуп кетет деп умуттоном. А, сага, дагы алдыга карай чамдай бер, демекчимин
08.11.2018. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ааламга кеткен жол, айылдан башталат!
Чыныгы азамат жигит экен, дагы да жакшы ийгиликтерге жетишине тилектешпиз.
08.11.2018. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсын!!!Бул кайсы бир жылы Супер инфодон телефон (смарт фон) утуп алган.
08.11.2018. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы ото ар намыстуу аракетчил бала жкенсин. Ийгилик каалайбыз. Бирок баарыле жазып койгондой эмес да ошт Америка Кытайга барганга да коп акча кеткендир башында ошону тушунуп жиберген ата энене ыракмат. Келечекти колго ал жакшы жубайга туш бол. Молодец жаштарга стимул боло бер
09.11.2018. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Benazir08,коп акча керек окшойт деген соз бул уже возможность жок дегенди билдирет. Бул уже адамды жалкоо кылып койот. Аябай коп бекер программалар бар, оздору толойт баарын. Бул бала ошолорду издеген. Мен да аябай изденип атып чет олкого барып окудум. Туугвндврымдын шылдындагагына карабай. Эми кайдан кетмек элен деп басынтышкан. Алар азыр ошол бойдон, а мен аябай алдыга кеттим. Издеген табат дейт беле
08.11.2018. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ийгилик!!!
08.11.2018. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Баракелде аракетиң менен эркиң күчтүү экен.
09.11.2018. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Асылбек эгер алдыга план тузуп аракет кылып жашасан баары оорундалат.
09.11.2018. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын, негизи Баткендик Кадамжайлыктар кучтуу келет, ыймандуу уятуу элдери мейман достуу,жигиттери кыздары сулуу жаратылыштын табийгый кооз таза абасында жашаган инсандар дал ушул Баткендиктер ийгилик максатын ишке ашын.
09.11.2018. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Busi06,баардык кыргыздар, кыргыз жигити деп суктанбайсынбы, баткендиктеп деп болбой. Озунор болуно бересинер, анан башка жактагылар силерди болсо тимеле чычалап жатып каласынар. Биз баарыбыз Кыргызстандыкпыз, чет олкого чыкканда Кыргызстандамын деп айтасын, Бишкектик, Баткендик болгонун эч ким уруп ойнобойт.
09.11.2018. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец! Европаны да коруп келип оз салымынды кош! Анан жагып калып калып калба ошол жакта. Коптор калып калышат да анан калп эле менин журогум Кыргызстан деп согот деп койот!
09.11.2018. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо ушундай нерселерди чыгарсанар пайдалуу жаштарга шык берчу анан кайдагы олуп калды тирилди деген макалаларды эмес
09.11.2018. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
egiz-jigit,
Саламатсызбы! Маалыматтар ар тараптуу жазылат.
09.11.2018. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба чындап кааласан максат коюп ишеним мн аракет кылсан жетесин тилегине дегендей Аллахка шугур биздин да максаттар ишке ашып жатат баары эле. Мен да кытайдан окуп анан уй-було бала-чакалуу болуп азыр Америкадабыз. Алдыда дагы коп максаттар. Сиздер да тилегенинерге жеткиле. Озунорго ишенгиле ким эмне десе дей берсин.
10.11.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага чыныгы Гулзат Мамытбек,дем куч берген жигит азаматсын
11.11.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагында мен да ата-энеси жок деген льгот менен орус группага окууга тапшыргам. Бирок бир жыл зорго окуп орусчадан кыйналып заочной кылып салгам.
20.12.2022. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асылбек агай , Кыргызстандагы мугалимдердин баркын көтөрүп " бренд мугалим" кылам деген максатыңыз оорундалсын, бар болуңуз
21.12.2022. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асылбек агай,жаш болсо да адамды шыктандырган,алга сүрөөн берген, үмүт отун жандырган асыл сөздөрү мени алга кадам таштоого түрткү берди.
12.01.2023. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың, Асылбек! Жаштарга эле эмес улуу муундарга чейин мотивация берип келесиң. Ишине ийгилик каалайм! Жаштарга үлгү болуп жүрө бер!
12.01.2023. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асылбек азаматсың! Ишиңде ийгиликтер болсун. Туура иш кылгансын. Бийик максат коюу менен бийиктерди багындыргансын. Ушунуңдан жазба. Бар бол!
12.01.2023. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асылбек ,Азаматсың‼‼‼Ишиңе ийгилик ‼‼‼‼Биз сизди колдойбуз,сыйлайбыз‼‼
25.01.2023. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асылбек азаматсыз сиздин колунуздан баары келет жана ошол дем кучту жалпы кыргыз элине болушконунуз бул озу чон ийгилик. Ишинизге ийгилик макала аябай соонун мотивация берди мага башкаларга да таасири чон болот деп ишенерин.
27.01.2023. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асылбек,атыңа затың жарашкан инсандардан бол,сенин ийгилигиң менен таанышып,балдарга мотивация берчү сонун ийгиликтерге жетелечү макала экен,бар бол, дагы көп ийгиликтерге жетише бер
23.02.2023. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асылбек Мадалиев азаматсыз. Сиз бизге үмүт бердиңиз. Ишиңизге ийгилик. Кыргыз эли үчүн көптөгөн жакшы иштерди жасап жатасыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: