super.kg logo
  Спорт  

Таласта футзал боюнча Өлкө чемпиондугу өтүп жаткан учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө сөз берген калыстар жазаланды

 

Буга чейин социалдык тармактарда 19-октябрда Таласта өтүп жаткан футзал боюнча Өлкө чемпиондугунда "Фарватер" жана "Жаш-Муун" командаларынын беттешин токтотуп, оюн талаасына чыгып сөз сүйлөгөн өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жана шаардык кеңештин спикери Мирлан Эсенкулов сынга кабылышкан.

Ал эми бүгүн, 27-октябрда Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы аталган беттештин калыстары Надыр Анарбеков, Элдияр Келдибеков, ошондой эле беттештин комиссары Калмамат Чыныбеков жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө сөз берип, жүрүп жаткан оюнду токтоткондугу үчүн жазаланганын билдиришти.

"Фарватер" жана "Жаш-Муун" командаларынын беттеши болуп, оюндун 10-мүнөтү жүрүп жаткан мезгилде аны токтотуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө сөз берип, регламентти бузгандыгы үчүн калыстар жана комиссар 1 айга оюндан четтетилди. Ошондой эле ар бирине 2 миң сомдон айып салуу чечилди", - деп билдирет федерациянын басма сөз кызматы.

Мындай чечим 26-октябрда Футбол федерациясынын дисциплинардык комитетинде өткөн жыйында кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.10.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде дагы эле жапайычылык бар да,оюн болуп жатканда суйлогон наркы чиновниктерде ой жок да,эмне болуп жатат аларга баарибир,мен окмоттонмун,каалаган жериме барсам жол ачык деп.А судьялар аларды корсо титирейт,келип чаап кетчудой!!!
Dembele84 түзөттү 2018-10-27 12:48:02
27.10.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Судяда не куноо.Буйрукту аткардыда.Ошо суйлогон бок курсактарды жумуштан алыш керек
27.10.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол бийликтин окулдорун жазалаш керек болчу аларга созу отпойт да ошон учун калыстарды кунолу кылып атат да, кичине этика деген болуш керек да ушу чондордо кайда барсан дардаландаган чондор балдары менен кошо
27.10.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлогондорду жазалаш керек болчу !Аларды суйлотушпой койушса дагын жазаланмак!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-10-27 18:11:54
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: