ФИФА Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугун тарыхтагы эң мыкты чемпиондук деп атады
Эл аралык Футбол федерациясынын кеңешмеси (ФИФА) жай мезгилинде Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугун тарыхтагы эң мыкты чемпиондук деп атады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
"ФИФАнын мелдештерди жана иш-чараларды өткөрүү департаментинин директору Колин Смит фактологиялык отчёт тапшырды. Ал отчётто Смит Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугун бардык жагынан алып караганда мыкты өткөнүн билдирген. Аталган отчётту кеңешме кабыл алды", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу Орусиянын 11 шаарында 14-июндан 15-июлга чейин болуп өткөн. Дүйнө биринчилигинин финалдык оюнунда Франция улуттук курама командасы менен Хорватия курамалары кез келип Франция 4:2 эсебинде жеңишке жетишкен.
Орусия курама командасы да тарыхтагы эң мыкты көрсөткүчтү көрсөтүп чейрек финалга чыккан. Дүйнө чемпиондугу Орусиянын экономикасына 952 миллиард рубль киреше алып келген.



1 |