super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Инфекциялык оорукананын дарыгерлери бейтаптарга көңүл кош мамиле кылгандыктан, эл нааразы болууда" дейт окурман

 

"Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын дарыгерлери бейтаптарды 2 сааттан ашык убакыт күттүрүп, балдар ыйлап, кыйналып жатса дагы шашпай жүрүшөт". Мындай билдирүүсүн окурман "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө жиберген. Ал ооруканага кечинде барганын айтып буларга токтолду.

"Инфекциялык ооруканага кызымды алып келсем кезекке тургандар көп экен. Мага чейин келгендер дарыгерлерди күтүп жатканына 2 саат болгонун айтты. Эмнеге күттүрүп жатканын билели деп дарыгерлер отурган бөлмөгө барсак "карап жатабыз, колубуздан келгенин кылып жатабыз" дешти. Бейтаптардын арасында кичинекей балдар дагы бар. Алар кыйналып, ыйлап жатышат. Дагы бир маселе, оорукананын көрсөткөн тартибинде күндүзгү саат 14:00дөн таң атканга чейин 3 дарыгер иштеши керек деп турат. Жадакалса дем алыш, майрам күндөрү дагы 3 дарыгер иш ордунда болуш керек экен. Дарыгерлерге муктаж болуп жаткан учурда эмнеге көрсөтүлгөн тартипте иштебейт? Анан дагы бир бейтапты узак убакытта кабыл алып жатат", - дейт каарманыбыз.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(13)
28.10.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул жакта постоянно эле ушундай. Барып кезерип 3-4 саат кезекте турасын.Анысы аз келгенсип врачтардын мамилеси...Качан гана проблема жөнгө салынат болду экен!!!
28.10.2018. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен бул проблеманы өткөндө дагы жазгамын суперге. Балаң ооруп барасың барып дагы 3-4 саат кезек күтөсүң. Илгертен бери оңолбой келет. Дайыма эле 2 врач иштейт.ушул маселени көтөрүш керек
28.10.2018. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мендагы иштегем убагында , Республиканский инфекционный больницада приемныйда . Эртен менен келген дежурный врач бир сменде 2 ручка туготчуу история болезньди толтуруш учун. Жай корсон - эптеп эле карап коюшат , ошон учун балам андай болду дешет . Кенири текшерип карасан - карабай жатышат дешет . 30 - 40 жылдан бери борбор калаада бир эле инфекционный чонойгон жок , Бишкек чонойгондон чоноюп эле барат . Бизде детский смертность деп катту текшерилет , жаш бала бул жерим ооруйт деп айта албайт ,
28.10.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ma2as, сөзүңө кошулам. Алардын түйшүгүн жоопкерчилигин да түшүнүү менен мамиле кылууну да унутпайлы. Анча бейтапты карабай туруп кантип диагноз коёт? Да история болезни да жазышат. Анын баары убакытты алат. Оңго бассаң атың солго бассаң атың өлөт болушуп алар да бат текшерип чыгаргандан коркушат. Шаар чоңойду оорукананы дагы бирди куруу керек. Окурман нааразычылыгыңды бийликке айтсаң жарашчуудай.
28.10.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ma2as,Караганын айткан жок карашы карашат жакшы эле.Кылган мамилеси жаман
28.10.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшылап карабасан - оору деген оору , бари бир - эки уч баланын омурун алат жумасына больницада . Башташат анан алардын ата энеси баламды карашпай койду , чарчап калды деп .
28.10.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул нерсеге врачтардын куноосу жок . Жаны больница куруп бербеген бийликте куноо .
28.10.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул маселени чечип беришсе болот эле.Саякатчы бака болушпай.
29.10.2018. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай жулмаланган, доо арызды жакшы билген адамдар, эң жакшы врачтарыбызды качырып жатасыңар. Бир күн ошол жерде врач менен иштешип , иш кандай экенин билгиле. Азыр КР боюнча инфекционист врач жетишпейт. Эмнеге ? Оклад 5000 сом.

Арызданып, ызы чуу салып, интернетке жарыялабай, балдарыңарды жакшылап карагыла. Врачка сый менен мамиле кылып, ишине тоскоол болбогула. Частный клиникаларга баргыла , мөөнөт күтүү жакпаса.
29.10.2018. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен врачмын, хирург травматолог болуп иштейм. Мага ушундай доомат койгондорго жооп бергенге да убактым жок. Бирок аларга официально чакыруу бере алам, бир күн жанымда иштешкиле деп.
Азыр окууда болгон үчүн бош убакыт көп болуп жатат.
29.10.2018. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Главное замечание айтып, доо койгондор өз кесибиңерди жазгылачы. Көрөлү ким кандай иштеп жатканын. Азыр мугалим, врач эле калды жулмалангандардан. Милиция болсо айлыктары жакшы, үйлөрдү берип жатат.

Мындай боло берсе, дарылай турган врач жок калат.
29.10.2018. 05:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштеген медик катары өз оюмду жазсам:
Бул бөлүмдө төрт мезгилде тең оорулуулар көп болот!Күз,кыш жаз айларында жаш балдарда вирусный гепатит А,жайда ОКИ(остр.киш.инф) Диарея,Дизентерия,Корь,Краснуха,ОРВИ ж.б толтура оорулар күч алат.Баары жугуштуу үчүн акырындык менен кылдат текшерип, назначение жазып бергиче бир топ убакытты алат,анан эле асылганыңар врачтар.Кезек бардык жерде бар,баланы жакшы карабай оорутуп алышып ,башкаларга док кылышат.Үйдөн жакшы кар
29.10.2018. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үйдөн жакшы карап,ооруга жол бербей карагыла.Эмне болсо эле интернетке жүктөп ,чуркап жүрөсүңөр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: