ЭЛДИК КАБАР: "Ноокен районунун 90 жылдык мааракеси белгиленип, жогорку деңгээлде өттү" дейт окурман





Бүгүн, 28-октябрда Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун 90 жылдык мааракеси болду. Мындай билдирүүсүн "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман жөнөткөн.
"Быйыл Ноокен районунун негизделгенине 90 жыл болду. Райондун 90 жылдыгына карата атайын иш-чара уюштурулуп, ага айыл чарба жана мелиорация министри, райондук администрация башчысы, айыл өкмөт башчылары жана тургундар катышты. Мааракеге 7 айыл өкмөтү жана Кочкор-Ата шаарчасы боз үй тигип, концерттик программаларды даярдап, келгендерге өз өнөрлөрүн тартуулашты. Иш-чара жогорку деңгээлде өттү", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Каяктагы аш-тойдон башы чыкпаган министр, губергатор, аким ж.б. келип, тордо чалкалап чучук жеп, кымыз ичип, уча жеп, Арзымат ырчы чоорчулар мандайында мактап ырдап турса, бул жагы илгерки бай-манап, датка, бийлердин шапар тээп тойлогонунан эч айырмасы жок. Кызматта баягы эле мугалим, медик, китепканачы ж.б. мам.кызматкерлер. Же калппы?!!
Ал да аздай мааракеге мынанча миллион сом кетти кылып аким ж.б. милоиондорду оз чонтокторуно шыпырат. Бул да туура. Калп болсо айткыла......
Кочмондор оюнуна сен айтпасан деле эл каршы. Майрам откоруп канча адамдын конулун ачтын, ошону айтчы?!! 1-2 саат эптемей концерт коюп бергенинби?!!