Футбол боюнча Испания чемпиондугу: "Барселона" клубу "Реал Мадридди" 5:1 эсебинде жеңип алды

Бүгүн, 28-октябрда Испания чемпиондугунун 10-турунун алкагында "Барселона" - "Реал Мадрид" беттеши болуп өттү.
Аталган беттеш "Камп Ноу" стадионунда орун алып, анда "Барселона" футболдук клубу жеңишке жетти.
Оюндун 11-мүнөтүндө талаа ээлеринин жарым коргоочусу Филиппе Коутиньо айырмаланып эсеп санын ачса, оюндун 30-мүнөтүндө 2-голду Луис Суарес киргизе алды.
Ал эми беттештин 2-бөлүгүндө Марсело өз командасы үчүн алгачкы голду киргизе алды. Бирок "Реалдын" бир голуна "Барселона" Суарестин 2 голу жана оюндун 88-мүнөтүндө кирген Артуро Видальдын 1 голу менен жооп кайтарды.
Жыйынтыгында "Барселона" футболдук клубу 5:1 эсебинде жеңишке жетти.
Айта кетсек, аталган беттеште акыркы 11 жылда алгачкы жолу Криштиану Роналду жана Лионель Месси катышкан жок.
кошулду

Эч болбосо Моуриньо болсочу.....
Роналдо кайтып келчииииииииии
Барсамандар куттуктайм.
Роналду Хамес Озил Ковачич Пепе Ди Мария эхх кандай оюнчулар эле э . Перез кылды баарын. Акыркы тренерди Дордойгода албайт элем