Жогорку Кеңештин комитетинде 2018-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө маселе каралат
Бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитет жыйынында 2018-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө маселе каралат. Бул парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы каржы министри Адылбек Касымалиев жасайт. Жыйында 5 маселе каралат. "2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору, "2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору жана башка маселелер каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

