Бишкектеги түнкү клубда каза болгон 18 жаштагы студенттин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду
Бишкектеги түнкү клубдардын биринде мушташтан каза болгон студенттин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 27-октябрдан 28-октябрга караган түнү саат 01:30 чамасында Бишкектеги түнкү клубдардын биринде болгон. Анда клубдун ичинде балдар арасында мушташ чыгып, 18 жаштагы студент каза болгон.
"Бул окуя боюнча 17 жаштагы М.у.А. жана 18 жаштагы О.Р. кармалды. Ал эми каза болгон жаран 18 жаштагы Б.А. болгон. Шектүүлөрдүн айтымында, алар маркумду өлтүрөлү деп ойлошкон эмес. Алар ич ара мушташып кетишип, катуу жаракаттан улам кокустан каза болду дешүүдө. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен иш козголду. Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды. Ошондой эле сот бүгүн алардын баш коргоо чарасын карайт", - деди басма сөз кызматы.
кошулду

Ата-энелерде куноо, балдарына туура тарбия бере албаган. Эми азабын тартып отурушсун эми.....
Ата энеге асылбай эле жазгылачы
Кечинде ата-эне козомолдош керек. Окуудан чыктынбы? Каяктасын? Качан келесин? Уйго келген сон тундосу кочого чыгуудан козомолдош керек.
Эгер катуу тийсе кечиресиз.
Анан калса, мунозу ар башка болгону менен, ата-энесине соз алып келбеген жакшы балдар болушу мумкун бешоо болсо да. Баары барып тарбияга такалат. Тункусун тунку клубда тайрандап, жожо короз болуп урушкан балдардын алган тарбиялары ошолбу же?!!
Адамдын озунон да коз каранды, бирок адамдын адам болуп калыптанышына ата-эне тарбиясынын ролу, таасири чон. Ошону унутпа.....
Уй салып жатканда фундамент кыйшык болсо эмне болот? Уй кыйшык болот. Тарбия туура эмес болсо да ошол.....
Мисалы сен аягы суюк болуп оссон, буга апандын да салымы бар, жакшы тарбия бере албаган. Ошого окшогон кеп.....
Мындай нерседерден Аллахым озу сактасын.
2) тепкичтен кулап , каза болгон