Экономика министрлиги: "2018-жылы 20 шаарды өнүктүрүүгө 2 миллиард сом жумшалган"
Бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин отурумунда 2018-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары каралууда.
Анда депутат Улан Примов 2018-жылга бюджеттен аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 миллиард сом кайда жумшалганын сурады.
“2018-жылга аймактарды өнүктүрүүгө бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнгөн. Бул каражаттар каякка, эмне иштерге жумшалды? "Шаарларды өнүктүрүүгө жумшалды" дедиңиз, мага 3 шаарды мисал катары айтып кетсеңиз”, - деди Примов.
Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев 2 миллиард сом өлкөдөгү 20 шаарды өнүктүрүүгө, ошол аймактагы кайра иштетүүчү ишканаларды ачуучу долбоорлорго багытталганын айтты. Ал эми кайсы шаарда кандай иштер аткарылганы тууралуу маалыматты чиновник кагаз жүзүндө берерин убадалады.



Олкодо тоок, козу, телефон уурдагандар камалып соттолот да, миллиард уурдагандар согуш берилип, ашып барса кызматынан бошотуп коюшат, уурдаган акчасынан болушсо...
Деика, бул Кыргызстан дечу беленер?!!.....