super.kg logo

Ош ОИИБи: "Өзгөндө баңги заты менен кармалган жаран июль айынан бери оозеки түрдө шайланган имам катары иштеп келген"

 

Өзгөн районунда баңгизат менен кармалган адам 2009-жылдан бери Матисак-Ата мечитте имамдын орун басары болсо, ушул жылдын июль айынан бери жамаат тарабынан оозеки шайланган имам болуп иштеп келген. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайда.

"Ош облустук казыятынын оозеки маалыматы боюнча, шектүү С.К. айылдагы орто мектепти аяктаган жана диний билими жок. 2009-жылдан бери Жылалды айыл аймагынын имамынын расмий эмес орун басары болгон. Ал эми июль айынан баштап жергиликтүү аксакалдардын оозеки кайрылууларынын негизинде имамдык кылып жүргөнү аныкталды. Тактап айтканда, имам катары оозеки түрдө шайланган", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Эске салсак, 27-октябрда Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында 36 жаштагы жаран баңгизат менен кармалганын жана ал айылдын имамы экендиги тууралуу облусттук милиция маалымат тараткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
29.10.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул Имамдан тарбия алган жаштар кантет? Мечиттин эле курулганын санап суйунбой Муфтият сапатын колго албайбы? Кечээ болсо бизде мындай имам жок деп жооп берген муфтийибиз
29.10.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Имам наркобарон мына сага таксыр
29.10.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмне дээринди деле билбейсин.
Тушко чейин имам, туштон кийин Иван болгондор арабызда толтура. Бул да ошого окшогондордун бири да, билим деген ноль!

Жазасын кучотулгон режимде алсын!
30.10.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мечиттердин саны бар, сапаты жок болуп атат. Муфтияттан откондо актанып чыгышкан билбей туруп мындай адам имам болуп иштеген эмес деп. Ар бир мечитт каттуу текшеруудо туруш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: