super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу: Талас облусунун курамасы Баткен курамасын 16:1 эсебинде утту

 

Бүгүн, 29-октябрда Ош шаарынын "Төлөйкөн" ат майданында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу башталды. Мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн бардык облустарынан келген 9 команда катышып жатат.

Өлкө биринчилигинин алгачкы беттешинде Чүй курама командасы Бишкек курама командасын 10:3 эсеби менен утуп алса, 2-беттеште Ош облусунун курамасы Жалал-Абад курамасын 4:1 эсебинде уткан. Ал эми бул күндүн акыркы беттешинде Талас курама командасы менен Баткен облусунун курамасы кез келди.

Беттештин 1-бөлүгүндө Талас облусунун улакчылары 6 улак таштаса, Баткен курамасынын улакчылары Камбарбек Ботокуловдун таштаган улагы менен жооп берди. 2-бөлүктө таластыктар 5 улак таштап, 3-бөлүктө дагы 5 улак таштаганга жетишти. Муну менен беттеш 16:1 эсеби менен аяктап, Талас облусунун курама командасы алгачкы жеңишине жетти.

Бул беттеште Талас курама командасынан Нооруз Раатбек уулу 4 улак таштап, Нуржан Мелисбек уулу 3 улак таштаганга жетишти. Атаандашынын тай казанына 2 улактан Турат Эмилбек уулу, Кушчубай Илис уулу жана Арстанкул Табышов таштаса, 1 улактан Эрсултан Айдаркан уулу, Ариет Төлөнов жана Нурлан Узеев салышты.

Бул оюн менен 29-октябрда өтүүчү беттештер аяктап, эртең, 30-октябрда Бишкек шаары-Ош шаары, Жалал-Абад облусу-Нарын облусу жана Баткен облусу-Ысык-Көл облусу беттештери орун алат.

Оюндардын жүгүртмөсү:

29-октябрь.

Чүй облусу-Бишкек шаары - 10:3;

Ош облусу-Жалал-Абад облусу - 4:1;

Талас облусу-Баткен облусу - 16:1.

30-октябрь

Саат 10:00дөн 11:30га чейин - Бишкек шаары-Ош шаары;

Саат 11:30дан 13:00гө чейин - Жалал-Абад облусу-Нарын облусу;

Саат 13:00дөн 14:40ка чейин - Баткен облусу-Ысык-Көл облусу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.10.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш баткендиктер
29.10.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
баткан женилдиби лайалак лайлак болуп
29.10.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Momyn12, туура жазганды үйрөн тууган. Баткен да Лейлек да Кыргызстандын бир бөлүгү экендигин унутпасаң жакшы болоор эле.
29.10.2018. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Momyn12, тилиңе тибиртке чыккыр!
29.10.2018. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Momyn12, адамдын кейпиндеги .....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: