super.kg logo

Депутат: "Салык кодексиндеги жеңилдиктердин, бошотуулардын натыйжасында бюджет 21 миллиард сомдук жоготууга учуроодо"

 

Салык кодексиндеги жеңилдиктердин, бошотуулардын натыйжасында бюджет 21 миллиард сом жоготууга учуроодо. Мындай пикирин бүгүн, 29-октябрда Бюджет жана финансы комитетинин отурумунда депутат Улан Примов айтты.

"Сиздер "иштеп жаткан мыйзамга ылайык, көрсөтүлгөн жеңилдиктердин аракасында жоготуулардын суммасы 21 миллиард сом” деп маалымат берип жатасыздар. Эмненин эсебинен жоготуу болуп жатат?" - деди Примов.

Каржы министри Адылбек Касымалиев бул маалымат иретинде жазылганын билдирди.

"Биз маалымат иретинде жазып койгонбуз. Бул бүгүнкү күндө иштеп жаткан Салык кодексиндеги бошотуулардын суммасы. Учурда Салык кодексинде көрсөтүлгөн жеңилдиктердин баасы 21 миллиард сом", - деди Касымалиев.

Депутат экономика министрлигинен: "Бул 21 миллиард сом биздин бюджет үчүн өтө көлөмдүү эмеспи. Бул багытта кандай иштерди кыласыздар, биз кайсы долбоорлорду жокко чыгарышыбыз керек?" - деп сурады Примов.

Экономика министрлигинин өкүлү суроого так жооп берген жок. Бул боюнча иштер жүрүп жатканын, кошумча жазуу түрүндө маалымат берилерин айтты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.10.2018. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай женилдик Жана кимге кандай учурда женилдик берилген
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: