super.kg logo

Көңүлдүн баарын бутка бурабыз!

 

Варикоз - бул чечилбей турган маселе эмес. Буттарыңызга мурдагы сулуулугун жана саламаттыгын кайтаруу - реалдуу. Кан тамырлардын варикоздон кеңейүүсү жана аны заманбап ыкма менен дарылоо тууралуу биз "Флебоцентр" клиникасынын жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты, кан тамыр хирургу, флеболог - Дмитрий Алексеев менен баарлаштык.

- Бишкек шаарындагы "Флебоцентр" жана жакында эле Ош шаарында ачылган "Флебоцентр-Түштүк" клиникалары - варикозду дарылоо боюнча Кыргыз өлкөсүндөгү адистештирилген жалгыз медициналык борборлор. Сиздер өзүңүздөрдүн жумушуңуздарда варикозду дарылоонун кандай заманбап ыкмаларын пайдаланасыздар?

- 2012-жылы биздин клиниканын кызматкерлери Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу варикозду дарылоонун революциялык ыкмасын киргизди. Ал эндовазалдык лазердик коагуляция (жарыкка кактап дарылоо). Анда кеңейип, көгөргөн кан тамырлар тешикче аркылуу эле, 30-40 мүнөттүн ичинде алынат. Бул эффективдүү, бат жана оорусуз жүргүзүлгөн ыкма. Бул процедура дарылоонун эски жолдорундай бутту кесүүдөн сактайт. Аталган ыкманын артыкчылыктары - наркоз берилбейт жана бейтаптын калыбына келүү процесси болбойт. Мунун баары лазер жана Германиянын дүйнөлүк практикада колдонулган "Biolitec" компаниясынын жабдыктарын пайдалануунун натыйжасында ишке ашууда. Биздин клиникалар "Biolitec" концернинин өлкөдөгү расмий өкүлчүлүгү болуп саналат.

- Бейтаптарга тиешелүү дарылоо жүргүзүлгөндөн кийин канча убакта кадимки жашоосуна кайта алат?

- Бул ыкманын дагы бир артыкчылыгы - дарылоодогу травманын өтө аз болгондугу, буга байланыштуу бейтап дароо эле үйгө жөнөтүлөт. Кийинки күнү ал кадимкидей эле жумушка чыгып, күндө алектенген жумушун жасай берсе болот. Бул бүгүнкү жашоо ритми үчүн чоң артыкчылык, себеби мурда жабыркаган венаны алуу үчүн бут кесилип, дарылоо 10 күнгө созулчу.

- Бул ыкма канчалык деңгээлде коопсуз?

- Бейтаптардын 98 пайызында дарылоодон кийин эч кандай оорулар болбойт. Мындан тышкары биз дарылоодо колдонгон бардык каражаттар бир жолку экенин айта кетким келет.

- ЭВЛК варикозду дарылоо үчүн пайдаланылат. Косметикалык көйгөйлөр - кан тамырдагы "жылдызча" торчолорду жоюу үчүн кандай ыкмалар пайдаланылат?

- Кан тамырдагы "жылдызчаларды" биз склерозирование аркылуу (венаны "жабыштыруу" эң эле ичке ийне аркылуу жүргүзүлөт). Бул ыкманын артыкчылыгы - бейтаптагы көйгөйлүү тамырларды алып салгандан кийин дароо үйгө жөнөтүлөт, травма дээрлик болбойт жана оорубайт. Дарылоодон кийин эч кандай тырык калбайт. Соңунда бейтап эң мыкты косметикалык жана дарыланган жыйынтыкка ээ болот.

Бишкек шаарындагы клиниканын байланыш номерлери: : 0 (312) 30-03-03; 0 (556) 87-03-03.

Дареги: Москва көчөсү 186, Лиц. №3021.

Ош шаарындагы клиниканын байланыш номери: 0 (559)/(505) 50-20-30.

Дареги: Монуев көчөсү, 56а; Лиц. №3415.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.11.2018. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Фотону бирас ойдорок которуп тартса болмок экен
05.11.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баасы канча болду экен?
05.11.2018. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо сураныч силерден Бишкектеги тил курстар жонундо жана канча сом айына жана кайсыл жак жакшы, носителдер бар бекен же канчадан бери иштейт акчасы канча экенин билип толук маалымат бериниздерчи сураныч. Англис тилин уйронгонго силердин жардамынар керек болуп атат! Алдын аала рахмат.
06.11.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баасы мени да кызыктырды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: